Ысык-Көлдө сел жүрдү

12:08, 03 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Жети-Өгүз районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-августта саат 8:30дар чамасында Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында сел жүргөн. Сел суулары ички чарбалык жолдорду каптаган.

Учурда жерине 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштер жүргүзүлүп жатат.