Ысык-Көлдө жол кырсыгынан эки адам каза болду

11:35, 03 августа 2022, Бишкек - 24.kg

3-август күнү саат 07:40 чамаларында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 24-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана MITSUBISHI үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
 
Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын № 19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.
 
Кырсыктын кесепетинен жалпы 23 адам кырсыкка учураган, 3 адам жаракат алып Балыкчы шаарынын оруканасына жеткирилген, эки адам ордунан каза болгон каза болгон жарандады сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.