Садыр Жапаров Мирлан Арстанбаевди кызматтан бошотту

12:17, 02 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.

Кызматтан алуунун себеби айтылбайт.

Ал 2019-жылы Токиого элчи болуп бекитилген.