Украинадагы конфликт. Күндүн маанилүү окуялары

11:12, 02 августа 2022, Бишкек - 24.kg

Украинада аскердик аракеттер уланууда. Россиянын атайын операциясы 2022-жылдын 24-февралында башталган. Күн өткөн сайын өмүрү кыйылган аскерлер менен бирге жай тургундардын саны өсүүдө. Бир катар өлкөлөр Россияга каршы санкцияларды киргизди.

24.kg кырдаалга көз салууну улантууда. Биз Украинага байланыштуу кечээги күнкү эң актуалдуу маалыматтарды топтодук.

Украинадагы согуштук аракеттер

Россиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсү:

  • Харьковдо америкалык эки РСЗО HIMARS техникасы жок кылынды. Жыйынтыгында 53 аскер кызматкери каза тапты.
  • Харьковдо Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 92-бригадасы убактылуу жайгашкан жайга сокку урулуп, 200 адам өлтүрүлдү.
  • Одесса облусунда ракеталык аткылоого каршы Harpoon комплекси жок кылынды.
  • Абадан коргонуу системасы 10 учкучсуз учактарды атып түшүрдү.
  • Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Харьков аймагындагы 93-бригадасында жана Запорож багытындагы 128-бригадасында чоң жоготуулардан улам аскерлер армиядан качуу аракетин көрүүдө.

Айрым маалыматтарга караганда, 1-август күнү Украинанын куралдуу күчтөрү Соледар багытынан Часов Яр, Краматорск, Константиновка аймактарына чегинип баштады.

Британ чалгындоо кызматы Россиянын пландары боюнча:

  • Акыркы төрт күн ичинде Россия Донецктен түндүк-чыгыш тарапта жай жылып, чабуулга өттү. Россия куралдуу күчтөрүн Украинанын түштүк тарабынан өткөрүүдө.
  • Россия апрелден бери ишке ашыра албай жаткан Донбассты басып алуу планын өзгөртүп жаткансыйт. Эми Запорожье аймагын жардамга муктаж фронт катары көрсөтүү аракетин көрөт сыягы.

Аскердин жана жарандык объекттерге урулган сокку:

  • Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоону боюнча кеңешинин алдындагы жалган маалыматка каршы туруу борборунун билдирүүсүндө, 24-февралдан бери Россия аскердик объекттерге караганда жарандык имараттарга карата 60 эсе көп сокку урган.
  • Россия аскердик объекттерге 300, жарандык объекттерге 17, 3 миң жолу чабуул жасаган.
  • Россия жарандык имараттар жана жай тургундар алардын максаты эместигин белгилейт.
  • Мариуполь, Харьков, Чернигов, Бучи, Северодонецк жана Лисичан аймактарынын турак жай фондунун 50 пайызы ураган жана жабыркаган.
  • Украинанын калкынын 8 пайызы, же 3,5 миллион адам үй-жайсыз калды.

*аскердик абалда жана маалыматтык согуш учурунда эки тараптын тең маалыматын ырастоо же жокко чыгаруу татаал.

Референдум боюнча

Украинанын коопсуздук кызматы Россиянын аскерлери басып алган Херсон облусунда референдумга даярдык көрүлүп жаткандыгы боюнча билдирди. Аны уюштуруу иштерин «Волонтеры zа Россию» уюму жүргүзмөкчү. Алар Херсон аймагында 140 иш-чара уюштурушуп, аны Кремль көзөмөлдөгөн медиа жана блогерлер чагылдырат.

Россия тарабынан дайындалган облустун аткаминерлерине 20 «шайлоо комиссиясын» түзүү жана анын курамын 1-августка чейин бекитүү буйругу берилди. Референдумдун так күнү азырынча белгисиз.

*аскердик абалда жана маалыматтык согуш учурунда эки тараптын тең маалыматын ырастоо же жокко чыгаруу татаал.

 

Killnet и Killmilk топторунун хакерлери 1-августтар тарта американын Lockheed Martin аскердик-өндүрүш ишканасына «чабуулдук жаңы дэңгээлине» өткөнүн билдирди. Белгилей кетсек, аталган корпорация чыгарган HIMARS техникасы Украинага жеткирилүүдө.

Хакерлер Lockheed Martin ишканасын «Миндеген адамдардын өлүмү үчүн жооптуу дүйнөлүк терроризмдин демөөрчүлөрү» катары атады.

Украинанын даны боюнча билдирүү

Украинанын данын жүктөгөн биринчи кеме Одессадан чыгып Ливанга бет алды. Түркиянын Коргоо министри Стамбулдагы Координациялык борбор аркылуу кеменин жолун спутник аркылуу көзөмөлдөп турмакчы.

22-июль күнү Стамбулда Россиянын товарларын экспорттоого чектөөнү алуу жана Украинанын данын чыгарууга бөгөттөрдү жоюу боюнча көп тараптуу келишимге кол коюлган. Россия, Түркия, Украина жана БУУ кол койгон келишим боюнча Украинадан буудай, азык-түлүк жана жер-семирткичтер Кара деңиз жээгиндеги үч порт аркылуу чыгарылат.

Санкция жана анын кесепеттери:

— Financial Times басылмасынын билдирүүсүндө, Улуу Британия Европа биримдиги менен россиялык мунай затты ташыган кемелерди камсыздандырууга тыюу салуу чечимин ишке ашырууну кийинкиге жылдырды. Азырынча британ бийлиги Англияга гана келе жаткан кемелердин камсыздандыруудан баш тартып, үчүнчү өлкөгө өтүп бара жаткандарга чектөө жок.

Белгилей кетсек, Британияда камсыздандыруу боюнча ири Lloydʼs of London компаниясы жайгашкан.

— 1-августтар тарта Евробиримдик Россиянын көмүрүн импорттоодон баш тартты. Бул чара санкциялардын бешинчи тобуна кирген.

— Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен Европага газды жеткирүү оорлошорун жана ага даяр болууга чакырды. «Россия 12 мамлекетке газды жеткирүүнү токтоткондуктан биз баарыбыз кырдаалдын курчушуна даяр болушубуз керек», — дейт ал.

— Россия спирт ичимдиктеринин импорту 2022-жылдын биринчи жарымында 34,4 пайызга кыскарды.Чет өлкөдөн виски ичимдигин жеткирүү 48 пайызга, арак −41 пайызга, ликерь — 36 пайызга азайган.