11:43, 01 августа 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 25-31-июль аралыгында COVID-19дун 1 миң 91 учуру аныкталды. Бул тууралуу Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти.
Алардын ичинен 911 адам амбулатордук дарыланууда, 180и ооруканада жатат.
Белгилей кетсек, бул коронавирус инфекциясынын бешинчи толкуну.