Чүйдө абакты кайтарган жоокер өзүнө ок атып каза тапты

15:39, 29 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Чүйдүн Молдовановка айылындагы № 27 түзөтүү мекемесинде жоокер өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Бүгүн эртең менен саат 08:30дар чамасында Чүй облусунун Молдовановка айылындагы № 27 түзөтүү мекемесинин кароолчу бөлүгүндөгү А.К.С. аттуу жоокер өзүнө бекитилген куралдан ок чыгарган.

Учурда тергөө амалдарын жүргүзүүдө.