Ысык-Көлдө «Акмөөр Fest-2022» сулуулук сынагы жыйынтыкталды

11:47, 26 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдө өткөн «Акмөөр Fest-2022» сулуулук сынагын Бегимай Базарбай кызы жеңил алды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
 
Жыйынтыгы боюнча:
1-орун Мирланбекова Адинай
2-орун Жумадылова Мээрим
3-орун Токтогулова Диана жана Мамытакунова Назми ээлешти.
 
Сынакка хирургдун жардамы менен келбетине өзгөрүү киргизбеген кыздар катыша алышат.
 
Андан сырткары, «Акмөөр Fest-2022» мыкты дизайнери болуп Айбек Черикчиев тандалды.