«Мен жылкыларды аябай жакшы көрөм, сиз да жакшы көрөрүңүздү билем. Ошондуктан жалпы чечен элинин жана жеке өзүмдүн атыман сизге эки күлүктү белек кылууну чечтим. Сизге чын ден соолук, узак өмүр, ошондой эле Өзбекстан элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм», — деди Кадыров Instagram’га чыгарган куттуктоосунда.
Мындан тышкары ал куттуктоосунда Өзбекстандын президентин «жөнөкөй жана меймандос адам, ошол эле маалда акылман жана алысты көрө билген саясатчы» деп мүнөздөдү.