Ысык-Көлдө сууга чөккөн 4 жашар кыз изделүүдө

13:02, 25 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда сууга чөккөн кыз бүгүн да изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
 
Алардын маалыматында,  жалпысынан 32 адам издеп жатышат.
 
Белгилей кетсек, төрт жашар кызды шамал учуруп, сууга чөгүп кеткени айтылууда.