Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү 5,4 пайызга кыскарды

12:38, 25 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда балдардын төрөлүүсү 5,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Жаркынбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, ымыркайлардын өлүмү 7,5 пайызга азайган.

Өткөн жылы 100 миң төрөлгөн балага 16 өлүм туура келсе, 2022-жылдын биринчи жарымында 100 миң ымыркайга 14,6 учур катталды.

Жаркынбек Касымбеков аялдардын төрөттөн өлүмү дагы 48 пайызга кыскарганын белгиледи.