Президенттин облустагы өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Эргешев бул тууралуу 21-июлда Ат-Башы районунун эли менен жолугушуу учурунда билдирген.
«Жетим-Тоо — бул элдин байлыгы. Кенди иштетүү боюнча эч кандай сөз жок», — деди Эргешов.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-апрелде «Азаттыкка» курган маегинде Кумтөрдөн түшкөн кирише башка кендерди иштетүүгө жумшаларын, арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.
Жергиликтүү айрым тургундар аталган кенди иштетүүгө каршы чыгып келишет.
Садыр Жапаров 2020-жылы премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир кени бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген.