Анда саммитти утурлай Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунда «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга байланыштуу алдын ала макулдашуу болгонун билдирди.
«Казакстан транс чек аралык дарыялардагы суу ресурстарын бири-бирине пайдалуу шартта пайдалануунун алкагында биргелешкен гидроэнергетикалык стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Ушул аспектен алып караганда Кыргызстандагы «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу долбоорун белгилесе болот. Кечээ биз үч президент бул маселени дыкат талкуулап, алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. ГЭС Борбор Азия өлкөлөрүндөгү энергетикалык коопсуздук камсыздоого, айы чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет«,-деди Токаев.
Өткөн айда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште Жалал-Абад облусундагы «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу боюнча Казакстан, Өзбекстандын вице-премьер-министрлери келерин билдирген.
Аталган ГЭСтин курулушуна даярдык иштери башталып, 8-июнда гидротоннел түшчү жерде жардыруу болгон. Ага президент Садыр Жапаров катышып, Кыргызстан 30 жыл мурда электр энергиясын экспорттогон өлкө болгонун, азыр тескерисинче аны сатып алып жатканын айткан.
Анын сөзүнө караганда, «Камбар-Ата-1» ГЭСи салынып бүтсө, «Камбар-Ата-2» ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлөт. Эки ГЭС тең иштесе, жалпы кубаттуулугу 1000 мВт жетет.
Президент долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин кошумчалаган. Бул каражат ГЭС курула турган аймакка транспорттук тоннел Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө, электр чубалгыларын жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.
«Камбар-Ата-1» ГЭСи долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөт. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.
ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.
Айрым эксперттер бул абдан дымактуу аракет экенин, бирок аны толук ишке ашыруу үчүн негиздүү долбоор, техника-экономикалык олуттуу негиздеме жана чоң суммадагы каражат керектигин айтып жатышат.