Эмомали Рахмон менен Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди

10:52, 21 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Кыргызстанга келди.

Өлкө башчыларынын учагы Тамчы айылына конду. Алар Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышат.

Кечээ чөлкөмдүн лидерлеринин саммитине катышуу үчүн Казакстан менен Өзбекстандыгн президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев келди.