Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга 8,5 миллиард сом бөлүнөт

16:13, 20 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга 8,5 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу маалымат жыйында финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, баштап 400 миллион сом бөлүү каралган.

"Кырдаал оор экенин эске алуу керек. 2021-жылы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга 2 миллион бөлүнгөн. 2022-жылдын биринчи жарымында 5,8 миллиард каралса, жыл аягына чейин жалпы сумма 8,5 миллиарды түзөт, — дейт ал.