Анжиянда көмүскө диний мектеп аныкталды

09:18, 20 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Анжиян облустук ички иштер башкармалыгынын терроризм жана экстремизм менен күрөшүү башкармалыгы жүргүзгөн ыкчам иш-чаранын алкагында Булакбаш районунда жашы жете элек балдарга динден мыйзамсыз сабак берген киши кармалды. 

Маалыматка караганда, диний билими жана тиешелүү уруксаты жок адам 2020-жылдан бери 27 балага – өзбек жана кыргыз жарандарына «Куръони-карим» менен «Муаллими Соний» китептери боюнча сабак өтүп келген.

Окуу үчүн ал ар бир окуучудан 500 миң сумдан (45 доллардан) алган.

Мындан тышкары кармалган жаран сабак учурунда балдарды ур-токмокко алганы да аныкталган. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды