04:48
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Лейлекте бала бакчанын короосунда 6 баланы унаа менен сүзүп кетти

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу «Шумкар» балдар бакчасынын кызматкери алты баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу аймактык милиция билдирди.
 
Алардын маалыматында, 43 жаштагы А.А. айдоочу Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаасын бала бакчанын короосуна көлөкө жерге коюп жатып, ойноп жаткан бала бакчанын 6 тарбиялануучусун койдуруп кеткен.
 
«Айылдык ооруканага 2 жаштагы 5 жана 5 жаштагы бир бала жеткирилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө тийиштүү экспертизалар дайындалып, 43жаштагы А.Анын айдоо күбөлүгү жок экендиги аныкталып, унаасы айып төлөөчү короого киргизилди. Ал эми жабыркаган жаш балдардын бирөөсү оор абалда», — дейт облустук Ички иштер башкармалыгы.
Эң көп окулган жаңылыктар