14:11, 15 июля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүгү 21 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Алардын маалыматында, 2022-жылдын биринчи беш айында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүгү 1,5 миллиард долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,2 пайызга көп.
Экспорт 49,7 пайызга, импорт 12,8 пайызна өстү.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен соода алаканын 68 пайызы Россия, 29 пайызы Казакстан менен болот.