«Бирок алар дагы кайрадан жетекчилик кызматка сынакка катыша алышат. Биз эртең эле Таласта алгачкы сыноону жүргүзүүнү чечтик, ал жакта эки мектептин жетекчи орундары бош. Август айында башка мектептердин жетекчилери да алмаштырылат. Тестирлөө сынактары облустардын борборлорунда жүрөт».
Жусупбекованын айтуусунда мектеп директорлоруна сынактын жадыбалы даяр.
Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 12-июлда кол койду.
Жарлык билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кесипкөй адистерди тартуу, билим берүү чөйрөсүндөгү башкарууну жакшыртууга багытталганы кабарланып, сынактын шарттары президенттин сайтында толук жазылган.
Коомчулукта ири шаарлардагы мектеп жетекчилери көп жылдан бери отуруп, акча чогултуу жана башка иштерге аралашат деген сындар көп айтылат. Кыргызстанда 2162 мектеп бар.