Нарындагы атышуу. Айыл тургундары ок аткан үй-бүлөнүн көчүп кетишин талап кылды

15:20, 13 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун Хутор-Ак-Талаа айылынын тургундары айылдаштарына ок аткан үй-бүлөнүн көчүп кетишин талап кылды. Бул тууралуу алар район акими жана Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Жумабеков менен жолугушууда билдиришти.

Маалыматка караганда, айыл эли К.Б. аттуу жаранды үй-бүлөсү менен көчүп кетишин талап кылууда.

Облустук милиция учурда К.Бнын мыйзамсыз жайыт жерди тосуп алуусу боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Маалымат ирээтинде:
Нарын районунун Ак-Талаа айылынын К.Бнын үйүнө Ак-Талаа айылынын болжол менен 40-60га чукул айылдын тургундары чогулуп, сүйлөшүү үчүн келишип, дарбазасын такылдатып жаткан учурда үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен үйдүн ичинен топтошкон элди карай ок чыгарган.

Чогулган эл ошол учурда К.Бнын үйүн таш менен койгулап жатканда К.Бнын бир тууган иниси «Субару-Аутбек» үлгүсүндөгү авто унаасы менен келип элди сүзө качырып айдап, автоунаасын менен агасы К.Бнын дубалын сүзүп, автоунаа жарым кырданып токтогон учурда иниси качып кетип, элди карай ок чыгарган, ошол учурда жарым кырданып турган автоунааны оодарып салышкан.Андан кийин автоунаа белгисиз себептер менен өрттөнүп кеткен.

Андан соң К.Бнын дагы бир иниси «Спринтер» автоунаасы менен келип, элди ары-бери сүзө качырып кубалап,ок атуучу куралы менен элди көздөй ок чыгарган.

Натыйжада атылган октун кесепетинен аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген.

Белгилей кетсек 2022-жылдын 2-июль күнү 1982-жылы туулган Ж.А. менен К.Блар ошол айылга караштуу Тегерек-Кырчын участогунда 10 га жакын жайыт жерди К.Б. үй-бүлөсү мыйзамсыз тосуп алгандыгы боюнча уруша кетишип, А.Ж. менен К.Бнын бир туугандары жана баласы менен уруп сабашкандыктан, А.Ж.денесинен жаракат алып Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө жаткырылган, бул окуя 2022-жылдын 3-июль күнү Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынып, териштирүү иштери жүргүзүлүп баштаган. Ал эми 5-июльдан 6-июльга караган түнү К.Бнын үйүнүн короосундагы чөбү өрттөнүп, бул боюнча да Нарын РИИБи териштирүү иштерин жүргүзүп жаткан.

Окуянын чоо жайы жайыт жер талаш болуп, өз ара урушуп кетишкен. Ушул окуядан кийин эки тарап болушуп, бири-бирин күнөөлөп арыз жазышып башташкан. 2022-жылдын 7-июль күнү айылдын элдери көбүнчө жаштар К.Бнын үй-бүлөсүнө нааразы болуп сүйлөшүү үчүн барышканда К.Б. үйдүн ичинен чыкпастан терезе аркылуу ок атуучу куралы менен элге карата ок чыгарган.

Аталган окуя боюнча Нарын ОИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 37-беренени камтыган 122-берененин 2б, 1п менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 3 адам камакка алынып, баш коргоо чарасын тандоо максатында Нарын шаардык сотуна өтүнүч келтирилип, баш коргоо чарасы камак түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.

Азыркы учурда Нарын райондук бийлик өкүлдөрү жана Нарын облустук милициясы аталган айылда эл менен жолугушуп, коомдук тартипти сактоо багытында айыл тургундары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.