2022-жылкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо баллы өтө төмөн болду

13:30, 13 июля 2022, Бишкек - 24.kg

ЖРТнын жалпы жыйынтыгы боюнча орточо балл 120 баллды туздү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаргүл Умралиева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйылкы орточо балл акыркы үч жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчтү түздү.

Ал бул жыйынтыкты акыркы жылдардагы онлайн окуу менен байланыштырат.

2019-жылы ЖРТнын жыйынтыгында орточо балл - 123, 2020-120, 2021-120 болгон.