Бюджеттин эсебинен гемодиализ алгандардын саны 312ге көбөйдү

11:15, 13 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Бир жылда бюджеттин эсебинен гемодиализ алгандардын саны 312ге көбөйдү. Бул тууралуу Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фонду билдирди.

Маалыматка караганда, жалпысынан 2 миң 69 бейтап гемодиализ алат.

Мекеменин билдирүүсүндө, күн сайын гемодиализ программасына кошуу үчүн орто эсеп менен 15 арыз келип түшөт.

Учурда 38 медициналык мекемеде жана 35 жеке менчик борбордо акысыз гемодиализ берип турушат.