10:21, 13 июля 2022, Бишкек - 24.kg
УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Тимур Шабданбеков дайындалды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал буга чейин кызматынан бошотулган Бекбосун Апсатаровдун ордуна бекитилди.
Тимур Шабданбеков 48 жашта. Ал буга чейин 9-кызматты жетектеп келген.