Анын айтымында, аппараттар курал алып жүрүүгө жөндөмдүү. «Иран орус күчтөрүн бул аскердик дрондор менен иштөөгө үйрөтүүнү пландап жатат. Окутуулардын алгачкы этабы июлда башталышы керек», — деди Салливан.
Ошол эле маалда ал Вашингтон мындай маалыматтарды кайдан алганын так айткан жок.
Салливандын бул билдирүүсүнөн көп өтпөй Москва менен Тегеран Орусиянын президенти Владимир Путин жакында Иранга барарын ырасташты. Кремль ал жакта Путин Ирандын жана Түркиянын президенттери менен жолугарын билдирди.
Украинада согуш башталгандан бери Путин чет өлкөлөргө (Тажикстан менен Түркмөнстанга) эки гана жолу чыкты.