Ысык-Көлдө «Ак-Мөөр Fest» этно фестивалы өтөт

14:00, 08 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Ѳрнөк айылында 22-24-июль күндөрү «Ак-Мөөр Fest — 2022» этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, фестиваль кыргыз кыздарын даңазалоо, кадыр-баркын жогорулатуу, улуттук баалуулуктарды чагылдыруу максатында өтөт.

Иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен «Кыргыз Биримдиги» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.