10:07, 08 июля 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы имам Садыбакас Дооловдун айткандарын текшерип чыкты.
Маалыматка караганда, имамдын билдирүүсү 3 критерий менен карап чыгышты.
Жыйынтыгында шариятты бузбагандыгын, саясатка аралашпагандыгын жана жеке бир адамдын абройуна жана кадыр-баркына шек келтирбегендигин аныкталды.
«Учурда Садыбакас ажы Доолов менен баарлашуу жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы белгиленди», — деп айтылат маалыматта.