Имам Садыбакас Дооловго каршы УКМКга арыз түштү

11:21, 07 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Свердлов районунун имам Садыбакас Дооловго каршы УКМКга арыз жазылды. Бул тууралуу активист Умай Арыкова билдирди.

Анын айтымында, имам аялдарды мал этине салыштыруу менен алардын укугун бузууда.

«Имамдын айткандаы Конституцияга жана Кылмыш кодексининин 189-беренесине каршы келет», — дейт Умай Арыкова.

Белгилей кетсек, Садыбакас Доолов баалардын кымбатташына аялдарды күнөөлөгөн. Анын пикиринде, ачык кийинген аялдар базардагы эттин кымбатташына себепкер болууда. Имам «аялдын эти арзандап, койдун эти кымбаттады», — дейт.