Облустун бир бөлүгү азыркыга чейин Украинанын көзөмөлүндө.
Кириленконун айтымында, бул орус армиясына каршы жигердүү коргонууга шарт түзөт. Шейшемби күнү эртең менен каршы тарап Славянск шаарынан 10 чакырым аралыкка кирип келген.
«Өлкөнүн тагдыры Донецк облусунда чечилет. Кишилер азайганда, биз душмандарга болгон көңүлүбүздү коюп, негизги тапшырмабызды аткарабыз», — деди Кириленко.
БУУнун маалыматына караганда, Орусия Украинага кол салгандан бери 7 миллиондон ашуун украиналык өлкө ичинде жер которуп, 5 миллиондон ашуун киши башка мамлекеттерден башпаанек издөөгө аргасыз болду.
Украин президенти Владимир Зеленский 6-июлга караган түндөгү видео кайрылуусунда өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында аба айгайы жарыяланганын айтты.
Ушу тапта Орусия Краматорск жана Славянск шаарларын бутага алууда.