Мекеменин маалыматына караганда, «кытай катары» деп аталган катарда металлдан жасалган 42 соода түйүнү (контейнер), тез тамактануу, шаурма жана суусундук сатуучу тогуз күркө (павильон) күйгөн. Өрттөнгөн соода түйүндөрүндө кийим-кече сатылчу.
Тилсиз жоо жалпысынан 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан соода түйүндөрүн жарактан чыгарып, анын кесепетинен эки адам түтүнгө ууланганы кабарланды. Жабыркагандар Бишкектин № 4 ооруканасына жеткирилген.
5-июлда «Дордойдо» чыккан өрттү өчүрүүгө 60 куткаруучудан турган жети бөлүм тартылган.
Айрым ишкерлер базардын администрациясына бардык төлөмдөрдү төгүп келишкенин жана алардын күркөлөрү камсыздандыруудан өткөнүн билдирип, кенемте төлөнүп берилиши керектигин айтышты.