«Түшкөн снаряддар жарылган эмес. Мындан улам адам курмандыктары болгон жок. Термез шаарынын «Мажнунтол» айылындагы жеке турак жайларга зыян келтирилген. Ал эми бешинчи снаряд футбол талаасынан табылды. Алардын баардыгын саперлер зыянсыздандырды», — деп жазылат маалыматта.
Ушул тапта Өзбекстандын тийиштүү мекемелери ооган тарап менен окуянын себептерин иликтеп жатышат.
18-апрелде социалдык тармактарда Ооганстандын аймагынан Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы аскердик жайларга он ракета атылганы тууралуу маалымат тараган. Бирок анда расмий Ташкент бул маалыматты четке каккан.
«Америка добушу» радиосу Ооганстандагы «Ислам мамлекети-Хорасан» экстремисттик уюму Өзбекстандын Термез шаарындагы аскер базасын көздөй он ракета учурганын кабарлаган.