Ленин райондук соттун судьясына дипломуна байланыштуу кылмыш иши козголду

15:53, 05 июля 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Т.М. жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алуу фактысы боюнча иш козголду. Бул тууралуу УКМК маалымдайт.

Судьяга каршы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.

2003-жылы Т.М. КУУнун экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз түрдө тапшырган.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары, анын ичинде судья Т.М. жогорку билими тууралуу жазалма дипломду пайдалануу фактысын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.