«Дордой» базарында өрт чыкты

11:26, 05 июля 2022, Бишкек - 24.kg

«Дордой» базарында өрт чыкты. Бул тууралуу 24.kgагенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өрт боюнча саат 10.19да кабар түшкөн.

Базардагы кафелердин бири күйүп жатканы айтылат. Жабыркагандар боюнча азырынча маалымат жок.