10:46, 04 июля 2022, Бишкек - 24.kg
Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө жоокер өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Индира Рысалиева билдирди.
Анын айтымында, 22 жаштагы Элдияр Жайлообеков өзүнө ок аткан.
«Ал май айында аскерге кеткен. Кой-Таш айылындагы бөлүктө кызмат өтөп жаткан. Кечээ эле ал мени чакырып, үйдө сагынып жатканын, суранып үйгө барып келерин айткан. Биз суицидке ишенбейбиз. Кечээ ал кароолдо турган. Бүгүн эртең менен 6.00дө бизге суук кабарды айтышты. Кантип өзүнө ок атсын?», — дейт Индира Рысалиева.