03:30
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Оштогу «Манас-Ата» кафесинин башкаруучусунун сөзүнө экспертиза дайындалды

Оштогу «Манас-Ата» кафесинин башкаруучусу Машрапхон Кушакбаеванын сөзүнө экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка караганда, кафенин ээси Бахтияр Гуламов Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чакыртылып, окуя боюнча суралды. Ал жарандарга орой мамиле жасагандыгы үчүн кафенин администратору Машрапхон Кушакбаева кызматтан кетирилгенин айткан.
 
«Окуя маалыматтардын электрондук журналына катталды. Ар тараптуу текшерүүлөр жүргүзүлүп, катыштыгы бар жарандарга тиешелүү юридикалык баа берилет. Кафенин окуя болгон учурдагы администратору Машрапхон Кушакбаеванын айткан сөзү боюнча атайын экспертиза дайындалды.
Ошол эле мезгилде Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул окуяны шылтоо кылып, улуттар аралык араздашууну күчөткөн, жарандардын улутуна, жеке кадыр-баркына доо кетирген комментарийлерди жазуудан баш тартууга чакырат», — дейт милиция.
 
Белгилей кетсек, «Манас-Ата» кафесинин башкаруучусу Машрапхон Кушакбаева «Не сахар» берүүсүнүн журналисттин ашканасына киргизбей, өзү менен өзбек тилинде сүйлөшүүнү талап кылган.
 
 
Эң көп окулган жаңылыктар