Айтматов, Усубалиев. Бишкектин төрт районунун аталышын өзгөртүү сунушталууда

12:04, 29 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин жыйынында депутат  Таалайбек Усубалиев ордо калаанын төрт районунун аталышын өзгөртүүнү сунуштады.

Анын айтымында, райондордун аталышы эскирди. Аларга жаңы ысым ыйгарууда улуттук идеологияны эске алуу керек. 

Ал Свердлов районуна Чыңгыз Айтматовдун, Биринчи май районуна Турдакун Усубалиевдин, же Жусуп Абдрахмановдун, Октябрь районуна Байтик Баатыр, же  Сүймөнкул Чокморовдун, Ленин районун Исхак Раззаковдун ысмын ыйгарууну сунуштайт. 

Белгилей кетсек, буга чейин Талас облусунун Кара-Буура районуна жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгаруу сунушталган.