Фарид Ниязовду сот залынан бошоткон өкүмүн чыгарды. Калгандардын бөгөт чарасы соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин өзгөртүүсүз калтырылды.
Мунун алдында мамлекеттик айыптоочулар Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга абакка кесүүнү сураган. Мындан сырткары айыпталып жаткандардын бардыгын күнөөлүү деп таап, жети жылдан тогуз жылга чейин камоону соттон өтүнгөн. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандыктар») жана 374-беренеси («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») боюнча айыпталууда.
Октябрь окуясына байланыштуу жети саясатчыга айып тагылган. Алар: мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын кеңешчиси Фарид Ниязов, жансакчысы Канат Сагынбаев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов жана саясатчы Өмүрбек Бабанов. Бабановдун иши өзүнчө бөлүнүп тергелди.