Чыңгыз Айтматовдун ысмы Таластын бир районуна ыйгарылат

11:27, 27 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Талас облусунун Кара-Буура районунун аталышы өзгөртүлөт. Бул тууралуу атайын мыйзам долбоор сунушталууда. 

Районго жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысмы ыйгарылат. 

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов Кара-Буура районунун Шекер айылында төрөлгөн.