Харьков ракета менен аткыланганда Тажикстандын бир жараны каза болгон

09:15, 27 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Украинанын Харьков облусундагы Чугуев шаары ракета менен аткыланган маалда Тажикстандын бир жараны каза болгон. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, 38 жаштагы Измиддин Зайниддиновдун сөөгү талкаланган кафенин урандыларынын алдынан табылып, 23-июнда Украинада жерге берилген.

Чугуев шаары Харьковдон 39 чакырым алыстыкта — Түндүк Донецк дарыясынын оң жээгинде жайгашкан.

Тажикстандын Киевдеги элчилигинин маалыматына караганда, Зайниддинов Орусиядан Украинага эки жыл мурда барган. Анын артында жубайы жана эки баласы калды.

Орус армиясы 24-февралда Украинага кол салгандан бери Харьков облусун байма-бай ракеталар менен аткылап келет.

Согуш башталганга чейин Украинада 5 миңге жакын тажик жараны жашаган. 24-февралдан кийин алардын көбү өлкөдөн чыгып кетишкен.

Бүгүнкү күндө Украинада 20га жакын тажик тектүү жарандын каза болгону аныкталды. Алардын көбүн орус армиясынын курамында согушуп жүргөн Орусиянын жарандары түзөт.