ММА мушкери Садыр Жапаровдон көңүлү калганын айтты

20:03, 23 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Буга чейин президент Садыр Жапаровду активдүү колдоп келген ММА мушкери Дастан Шаршеев президенттен көңүлү калганын билдирди. Ал видеону Instagram баракчасына жайгаштырган.

Өлкө башчынын мурдагы тарапкери казинонун ачылышына каршы.

«Келээр күнүңдү эмес, кетээр күнүңдү ойло дейт. Кечээ күнү эле, ошол эле президент, ошол эле Камчыбек Ташиев, кудайдан тилеп жүрдүңөр эле го. Аллахым айткан ошо казинолор арам деп. Урматту эмес президент, мен сизди колдогом эле. Шайлоо учурунда үй-бүлөм менен Ысык-Көлгө барып. А сиз болсо, бийликке жеткенден кийин, ким экениңизди унутуп калдыңыз. Эми мен сиздерди колдобойм», — деди Дастан Шаршеев.

Ал ошондой эле оюн жайларынан түшкөн салык мамлекеттин казынасына түшөөрүнө ишенбестигин айтты.

«Революция убагында эң биринчилерден болуп сизди колдодум эле. Эми колдобойм, сизге нөл ишенич», — деди мушкер.