18:48, 23 июня 2022, Бишкек - 24.kg
Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу бошотулган Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши ИИМге өткөрүлдү. Бул туралуу аткаминердин адвокаты Кайсын Абакиров билдирди.
Эске салсак, Бишкек шаардык соту 16-июнда Алымкадыр Бейшеналиевди үй камагына чыгарган. Ал Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалган. Ал УКМКнын тергөө абагына бир айга камакка алынган. Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгогон.
Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы коррупцияга шектелип кармалган.
4-июнда президент Алымкадыр Бейшеналиев жана Курманкул Зулушевди тергөө мезгилине ээлеген кызматтарынан убактылуу четтеткен. Курманкул Зулушев кызматына кайтып келген.