Мектепке каттоонун экинчи этабында баланын туугандыгын тастыктоо керек

16:20, 23 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Биринчи класста каттоонун экинчи этабында камкорчунун жана баланын туугандыгын тастыктоо керек. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова билдирди.

Анын айтымында, туугандык каттоонун алдында «туугандыгын текшерүү» атайын бөлүмүнөн текшерилет.

«Эгер ата-энеси чет өлкөдө жашаса, баланы аралыктан каттаса дагы болот. Ошондой эле алардын ордуна нотариус менен тастыкталган камкорчу дагы каттай алат.

Баланын ата-энеси жана расмий камкорчусу жок болсо, райондук акимиаттын комиссиясына кайрылып, камкордук тууралуу документ алыш керек болто. Ошондо гана биринчи класска каттай алат», — деди Айнура Кусеинова.