Акыркы он жыл ичинде 9 миң качкын Кыргызстандын жарандыгын алды

14:59, 22 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан 30 жыл ичинде 20 миңден ашык качкынды кабыл алды.

Өлкөгө келген качкындардын көпчүлүгү башка мамлекеттерге чыгып кетип, же жарандык алып калып калышкан.

2002-жылдан бери 9 миң адам жарндык алган.

Учурда Кыргызстанда 178 миң качкын жашайт. Дагы 801 адам качкын макамын алууга арыз жолдогон. Алардын көпчүлүгү Ооганстандан келишкен.