Акылбек Жапаров Минск шаарына учуп кетти

18:15, 20 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Минск шаарына (Беларусь) учуп кетти.

Үстүбүздөгү жылдын 20-21-июнунда Минск шаарында (Беларусь) Кыргызстан төрагалыгы астында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн, интеграциялык бирикменин байкоочу мамлекеттеринин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат.

Күн тартибинде электрондук соода, бажы кызматташтыгы маселелерин талкуулоо, мурда берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча отчет каралган.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт башчылары ошондой эле товарларды идентификациялоо жолу менен маркировкалоону киргизүү, өнөр жайдын артыкчылыктуу жана жогорку технологиялуу тармактарында кызматташуу жана импортту алмаштыруу боюнча комиссия түзүү, Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы биргелешкен аракеттеринин программасын талкуулашат.

Белгилей кетсек, 21-июнда Минск шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезексиз жыйыны да өтөт.