18:14, 20 июня 2022, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 20-июнда Бишкек — Алматы — Бишкек багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Манас» аба майданынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдарды жергиликтүү «Авиа Траффик» авиакомпаниясы аткарат.
Авиакомпания учууларды күн сайын аткарууну пландаштырууда.