18:09, 20 июня 2022, Бишкек - 24.kg
«Бишкасфальтсервис» муниципалдык ишканасы 7-Апрель көчөсүнүн жүрүүчү бөлүгүн көчөнүн чыгыш тарабынан өткөөлгө чейин кеңейтти. Ошондой эле, «Мадина» базарынын алдында металл тосмолор орнотулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин 7-Апрель көчөсүнө параллель көчө жол жүрүү үчүн жабык болгон.
Ишкана өндүрүштүк планга ылайык, жолдордогу чуңкурларды жамап, жол белгилерин түшүрүп, жол белгилерин орнотуу иштерин улантууда.