Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти

12:07, 16 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Башкы прокурор Курманкул Зулушев өз милдетин аткарууга киришти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелеринин негизинде башкы прокурор Зулушев Курманкул Токторалыевич үстүбүздөгү жылдын 16-июнунан тарта өзүнүн кызматтык милдетин аткарууга киришти», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле, аталган тескеме менен мамлекет башчысынын 2022-жылдын 3-июнундагы тескемесинин 2-пункту күчүн жоготту деп табылды.