11:24, 15 июня 2022, Бишкек - 24.kg
Ирактын абактарында 40 кыргызстандык аял кармалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште депутат Русланбек Жакышев билдирди.
Анын маалыматында, Айзада Зайнидинова аттуу кыргыз жараны сирия-ирак чек арасында кармалды.
«Кыргыз жараны күйөөсү менен бирге Түркияга иштегени жөнөгөн. Алардын алданып, Сириянын чек арасына барып калышкан. Ал жерде аларды кармашкан. Айзададан сырткары Ирактын түрмөлөрүндө 40 кыргызстандык аял олтурат экен. Алардын арасында карылар дагы бар», — дейт депутат.
Руслан Жакышов кыргыз аялдарын кайтарып келүүгө жардам берүүгө чакырды.
2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар.
2021-жылы Кыргызстанга ата-энелеринин уруксаты менен 79 бала алынып келинген.