18:05, 14 июня 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан менен Тажикстан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар чечимдерди кабыл алды, — деп билдирет КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы.
Маалыматта айтылгандай, саат 17:30гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон калууда.
Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты боюнча жана Тажикстандын Согди багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу аяктады.
Тараптардын ар бири болуп өткөн куралдуу окуя боюнча өз дооматтарын билдиришти. Кыргыз тарап кырдаалды курчуткан тажик чек арачыларына карата жүйөлүү аргументтерди келтирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки республиканын чек ара өкүлдөрү төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алышты:
Жакынкы аралыкта эки республиканын чек ара делегацияларынын дагы бир жолугушуусу күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, бүгүн, 14-июнда таңга маал Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында кайрадан ок атылган.