Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

11:08, 14 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Баткен районунун Булак-Башы аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында 14-июнь күнү таңга жуук ок атылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өз булактар билдирди.

Маалыматка караганда, саат 6:50-7:00дө Булак-Башы аймагында тажик чек арачылары биринчи ок аткан. Ага жооп катары кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган.

Кыргызстандын чек ара кызматы 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10дө атышуу токтогонун, бирок абал кооптуу экенин билдирди.