Бишкектеги Ак-Ордо көчөсү оңдоо иштеринен кийин ачылды

10:16, 13 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкекте Ак-Ордо көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Тагай-Бий көчөсүнө чейинки бөлүгү унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорго ылайык, жолдун узундугу 0,793 км, жүрүүчү бөлүктүн туурасы 7 метр, ошондой эле жүрүүчү бөлүктүн эки тарабына 1,5 метр тротуар жана ирригация төшөлгөн.

Жол иштери ушул жылдын 27-февралында башталган.

Аталган көчөнү реконструкциялоо Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ишке ашырылган.