Саясат тануучу Марат Казакпаев каза тапты

15:52, 10 июня 2022, Бишкек - 24.kg

Саясат тануучу Марат Казакпаев каза тапты. Маалыматты анын жактоочусу Икрамидин Айткулов таксыктады.

Анын айтымында, Марат Казакпаевдин абалы инсулттан кийин оорлошуп кеткен.

Белгилей кетсек Марат Казакпаев 9-июнь күнү эртең менен ГКНБнын тергөө абагынан ооруканага жеткирилди.

Саясат тануучу 2021-жылдын апрель айында мамлекеттик чыккынчылык айыбы менен кармалган.